Кыргызстанга Түркиянын Президенти расмий визит менен келет

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 2018-жылдын 1-2-сентябрында Кыргыз Республикасына Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий визит менен келет.

Визиттин алкагында эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашат. Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышат.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин IV отурумуна катышат.

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө жана эки өлкө башчылары басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашат.

Ошондой эле Кыргызстанга расмий визитинин алкагында Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев,  Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушат.

Андан соң Президент Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн расмий визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

Бөлүшүү