10-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Бүгүн,  10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,

Баткен облусунда 11…16, күндүз 27…32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус.

10-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 26…28 градус ысык болот.