Эртеӊ, 11-сентбярда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;
Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25.