Кыргызстанда бир жуманын ичинде 11 миң жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды

Автор -

31-августтан 6-сентябрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкө боюнча 11 миң 911 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактылары катталды.

Алар:

— 932 айдоочу башка айдоочуларга жолдо тоскоолдук жаратышкан;

— 1156 айдоочу жарыктандыруучу жабдыгы жок унаа башкарган;

— 248 айдоочу жол чырагына баш ийген эмес;

— 3174 айдоочу коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарган;

— 126 айдоочу мас абалында унаа башкарган;

— жол эрежелерин сактабаган – 2104 айдоочуга айып салынган;

— терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 28;

— 1364 – жогорку ылдамдык унаа башкаруу;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 605 унаа токтотулду.