Душанбенин Рахими көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн 300дөн ашуун жашоочусу курулуш иштеринин бүтүшүн күтүүдө. Компаниянын жетекчиси “алдамчылыкка” айыпталып, 16 жылга соттолгондон кийин курулуш токтоп калган.
Жашоочулардын айтымында, тогуз кабаттуу үйлөрдөгү бардык батирлер сатылган.
“Бул үйдөн батир сатып алып жатканда, курулуш иштери жана ички жасалгасы эки-үч айда бүтөрүн айтышкан. Бирок компаниянын жетекчиси түрмөгө түшүп калды. Ал ыйгарым укуктарын тууганына бергени жана курулушту бүткөрүүнү тапшырганы айтылган. Бирок биз ал кишини такыр көргөн жокпуз”,- деди Шахзод Тоиров.
Жашоочулардын жеке менчикке ээлик кылган документтери да жок. Турак жай мамлекеттик кабыл алуудан өтпөгөндүктөн, үйдүн кызыл китеби, техникалык паспорттору берилген эмес.
Башка турак жайлары жок болгондуктан, курулуп бүтө элек батирлерине кирип алгандар да бар. Лифт иштей элек жана анын шахтасы тосулган эмес. Мындан улам жашоочулар балдарынын коопсуздугунан кооптонушууда.
Курулуш компаниясынын жетекчиси Карим Махмадшоев бир эле батирди бир нече кишиге сатып жибергени үчүн 16 жылга соттолгон.
Душанбенин Башкы планы боюнча эки жана үч кабаттуу, кийинчерээк төрт кабатту үйлөрдүн баары түрттүрүлөт. Ал эми алардын ордуна 25 кабатка чейинки бийик имараттар курулат.