Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка которулду

Автор -

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаев Неврология борборунан № 47 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаевдин ден соолугунун абалы туруктуу эмес. Дарыгерлер аны колонияга которууга тыюу салышкан, анткени ал жакта дарылануу шарты туура келбейт. Бирок, ЖАМК мурунку депутаттын ооруканага жаткырылышына муктаждык жок деп, колониядан керектүү процедураларды ала алат деп билдиришти.

Эске салсак, Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборуна 1-августта которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан. Ага дарыгерлер калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуштаган. Бирок Текебаев өзү операциядан баш тарткан.

Өмүрбек Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал жемкорлук боюнча айыпталууда.

Бөлүшүү