16-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлерине жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.

Бөлүшүү