Бишкек шаарында жаңы жол өтмөк пайда болот

Автор -
475

Бишкекте жаңы жол өтмөк пайда болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалитет ишканасы Садырбаев (мурунку Баха) Байтик Баатыр (мурунку Совет) көчөлөрүндө жол өтмөк курууну пландап жатат.

Жол өтмөктүн жалпы узундугу 7,2 чакырымды түзөт. Мындан тышкары велосипед жолу да салынат. Туурасы болсо 4,5 метр, велжолдуку болсо – 1,5 метр.

Жол өтмөктүн айланасы жарыктандырылып, 200 отургуч жана 400 таштанды челек орнотулат.