Эрдоган учакта журналисттерге маалымат берди

Автор -

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Сириянын Идлиб аймагындагы процесстин учурдагы абалы менен уланышынын оор жыйынтыктары боло турганы менен эскертти.

Эрдоган, расмий сапар менен барган Азербайжандан кайтып келе жатканда учакта күн тартип тууралуу маалымат берди.

Сочиде бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушууда да эң маанилүү теманын Идлиб боло турганына басым жасаган Эрдоган: «Идлибде ичкериде оппозициячылдардын арасына жайгашып алган террордук топторго каршы бардыгыбыз биргелешип кадам таштайлы. Бирок шылтоо кылып ал жерди бомбалоо сыяктуу кадамды таштабайлы»,-деди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү