18-сентябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 19-сентябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30