Эрдоган менен Путин Идлибде делимитаризацияланган аймак түзүү тууралуу макулдашты

Автор -

Орусия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Сириянын Идлиб шаарында 20 чакырымдык делимитаризацияланган аймак түзүү тууралуу макулдашты.

Аймак 15-октябрга чейин түзүлүп, 10-октябрга чейин шаардан бардык куралдуу күчтөр жана оор техникалар чыгарылышы керек.

Макулдашууга ылайык, аталган аймакты түрк жана орус аскерлери кайтарат.

Түркия менен Орусиянын президенттери 17-сентябрда Сочиде жолугуп, Сириядагы абал, ошондой эле соода жана коопсуздук маселелери тууралуу сүйлөштү.

Идлиб – Сирия армиясы өз көзөмөлүнө ала элек өлкөдөгү акыркы аймак. Азыр ал оппозиянын жана куралдуу ислам күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Акыркы жумада Орусия авиациясы Идлибге бир канча жолу аба соккуларын жасап, мындан кийин дагы бир нече жолу сокку болорун эскертти.

Орусия, Иран жана Асад Идлиб Дамасктын көзөмөлүнө өтүшү керектигин билдирип келишет. Түркия болсо буга каршы болуп, аймакты азыркыдай эле оппозиция күчтөрү көзөмөлдөп тура алат деп эсептөөдө.

Бөлүшүү