Казакстанда украиналык журналистке айыппул салынды

Автор -

17-сентябрда Орол шаарынын административдик сотунда украиналык журналист Александр Гороховскийдин иши боюнча угуулар аяктады. Ал чет өлкөлүктөрдүн Казакстан аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсү тууралуу мыйзамды бузган деп айыпталууда.

Айыптоо тарап Гороховскийди өлкөдөн чыгарууну өтүнгөн. Бирок сот «алектенип жаткан ишмердүүлүгү менен визада көрсөтүлгөн максаты дал келбегендиги» үчүн аны административдик жоопкерчиликке тартып, 42 миң 87 теңге (113 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Александр Гороховский Казакстанга тажрыйба алмашуу үчүн «Орол жумалыгы» гезитинин журналисттеринин чакыруусу менен келген. Анын айтымында, бул сапары жеке мүнөзгө ээ болуп, «Журналистика мектеби» долбоорунун алкагында өткөн иш-чара үчүн акча алган эмес. Анын бул айткандарын «Орол жумалыгы» гезитинин журналисти Лукпан Ахмедьяров дагы ырастады.

Ал украин журналистине карата административдик протокол түзүү — «жергиликтүү бийликке жакпаган Журналистика мектеби долбооруна байланыштуу болушу мүмкүндүгүн» айтты. Гороховский ага миграциялык картасы кайтарылып берилгендиктен, 18-сентябрда мекенине учуп кете турганын билдирди.

Бөлүшүү