Казакстанда Аблязовдун тарапташы соттолууда

Автор -

Актау шаарынын прокурору “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын Тelegram-чаттагы кабарлары үчүн соттолуп жаткан Абловас Жумаевди айыптуу деп таап, үч жарым жылга эркинен ажыратууну сурады.

18-сентябрдагы сот жараяны учурунда жактоочулар айыпталуучунун атасы өлгөнүнө байланыштуу отурумду башка күнгө жылдырууну сурашкан. Бирок судья буга макул болгон эмес жана прокурорго сөз берген.

Абловас Жумаев 2018-жылы 11-майда камакка алынган. Ал “Бийликти басып алууга чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда. Сот отуруму учурунда адвокаттар бир нече жолу көз карандысыз экспертиза дайындоону, сот төрагасын алмаштырууну өтүнүшкөн. Бирок алардын суроосу канааттандырылган эмес.

Өткөн айда казакстандык укук коргоо уюмдары Абловас Жумаевди “саясий туткундардын” тизмесине кошкон.

Быйыл 13-мартта Астананын Есиль райондук сотунун чечими менен «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы экстремисттик деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү