Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-28-сентябрда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Комил Алламжонов билдирди.
Сапардын биринчи күнүндө эки тараптуу иш-чаралар болот. 2-сентябрда Өзбекстан президенти КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышат. Чакан жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар болот жана бир катар документтерге кол коюлат.
Акыркы жолу эки өлкөнүн президенттери быйыл августта Ташкентте жолугушкан.
17-августта Тажикстан президенти Эмомали Рахмон соңку 20 жылда биринчи жолу Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген.