20-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

20-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;

Бишкекте жаан- чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градус болот.

Бөлүшүү