Ленинград облусунун Ломоносов райондук соту өзбекстандык 25 жаштагы Зухриддин Буриевди 23 жылга түрмөгө кести. Өзбек миранты 60 жаштагы жергиликтүү жашоочуну зордуктап, өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылды.
Маркумдун сөөгү 2017-жылы 23-сентябрда автоунаанын багажынан табылган.
Орусия Тергөө комитетинин Ленинград облусу боюнча маалымат катчысы Юлия Матолыгина билдиргендей, Буриев айыптоолорду четке какпай, күнөөсүн мойнуна алган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча Буриев былтыр 23-сентярда 60 жаштагы аялга ал дачасы үчүн токойдон отун терип жүргөн маалда кол салган. Мигрант улгайган аялды зордуктап, кулагынан алтын сөйкөлөрүн жулуп алып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Андан соң ал маркумдун автоунаасына сөөктү салып, далилдерди жок кылуу үчүн кылмыш болгон жерден кеткен.
Ольга Точеная телефондук чалууларга жооп бербегенден кийин аны күйөөсү жана баласы издеп баштаган. Жолдо тааныш машинаны көрушүп, кууп жөнөшкөн. 25 жаштагы Зухриддин Буриев унааны башкара албай, аварияга кабылып, полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Автоунааны текшерүү учурунда багаждан 60 жаштагы аялдын сөөгү, таш, аркан жана күрөк табылган.
Зухриддин Буриев жазасын катаал режимдеги колонияда өтөйт.