Бүгүн, 2018-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымын жана орун басарларды шайлоо болуп өттү.
Жалпы жыйынга 33 Жогорку соттун судьясы катышып, бир добуштан Гульбара Утюровна Калиеванын талапкерлигин колдошту.
Үч орун басар шайланды:
Бокоев Каныбек Абдраевич — Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын;
Асанова Нургуль Молдобековна — Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын;
Токбаева Айнаш Абдымановна — Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын.