Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

Автор -

Бүгүн,  2018-жылдын 22-сентябрында  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Сотунун Төрайымын  жана  орун басарларды шайлоо  болуп өттү.

Жалпы  жыйынга 33 Жогорку  соттун   судьясы катышып, бир  добуштан Гульбара  Утюровна  Калиеванын талапкерлигин  колдошту.

Үч  орун басар шайланды:

Бокоев Каныбек  Абдраевич —  Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Асанова  Нургуль  Молдобековна —  Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Токбаева  Айнаш Абдымановна —  Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү