“Манас” аэропорту  “Эне-тилим – эне сүтүм” аттуу салтанаттуу иш чара уюштурду (Видео)

Автор -
319

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата жана кыргыз тили болгон эне тилдин кадыр баркын көтөрүү, анын конституциялык беделин жогорулатуу максатында “Манас” эл аралык аэропорту” ААКда  “Эне-тилим – эне сүтүм” аттуу салтанаттуу иш чара уюштурду.

Салтанаттуу иш чараны “Манас” эл аралык аэропорту” ААК Башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев ачып, жүргүнчүлөрдү жана конокторду майрамдары менен куттуктады.

Урматтуу жүргүнчүлөр жана бүгүнкү иш чаранын коноктору! Бардыгыбызга белгилүү болгондой 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан 29 жыл мурун, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн жергебизде мамлекеттик тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан, “Манас” эл аралык аэропорту” баардыгыңыздарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт”, — деп айтты.

Салтанаттуу иш чарага Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан ансабль тобу,   Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбору, “Шоро”,  “Кийиз Групп”, “Эпос”, “Супара” компаниялары келип, улуттук тамак-аш,   азем-белектер жарманкеси уюштурулду.

Жүргүнчүлөрдү улуттук кыргыз көйнөк кийген кыздар боорсок, бал менен тосуп, жүргүнчүлөргө суроо-жооп оюндар уюштурулду.

Андан тышкары, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын кызматкерлери үчүн “Эне тилим –эне сүтүм” темасында мыкты ыр саптарын жазуу, сүрөт,  улуттук тамак-аш конкурсу  болду.

Конкурска кызматкерлер активдүү катышып,  мыкты ыр саптар жазылып, тилди даңктаган сүрөттөр тартылды.

Иш чарага КР Президетине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиясынан жана КР Транспорт жана жол министрлигинен өкүлдөр келип катышты.

Бөлүшүү