25-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 25-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Чүй облустарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +19…+24;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз  +22…+24.