КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда курсант каза болду

Автор -

Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун 2-курсунун студенти каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

“Бүгүн, 25-сентябрда болжол менен саат 7:00дөр чамасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун 2-курсунун курсанты “С.И” каза болду. Окуянын чоо-жайы такталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Башкы штаб бардык маалыматтар иликтөөдөн кийин берилерин баса белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү