Алты күн мурун өзүнө кол салган Куляб шаарынын жашоочусу Фарзона Гуломова кайненеси жана кайын сиңдиси суицидге жеткиргенин билдирди. Анын айтымында, экөө аны дайыма кысымга алып турушкан, акыркы сапар ал буга чыдай алган эмес.
Келин 19-сентябрда 20% күйүк менен Куляб шаарындагы ооруканага жаткырылган. Жаш үй-бүлөнүн үч жаштагы кызы бар. Дарыгерлердин айтымында, өзүнө өрт койгон учурда ал кош бойлуу болгон. Түйүлдүк жабыркаган эмес.