Вице-премьер-министр Ош шаардык ооруканасынын абалы менен таанышты

Автор -
320

Бүгүн, 28-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, оорулуулардан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр дарыгерлер менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн да укту. Шаардык оорукананын эски имараттары оңдолуп, шарттар түзүлгөн.

«Вице-премьер-министрдин дарыгерлердин көйгөйлөрүн да укту. Дарыгерлердин айлыгы аз. Буга чейин да ипотекалык негиз менен батир алганбыз. Ушул маселени да айттык», – деди шаардык оорукананын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов.

Жакынкы күндөрү Ак-Тилек кичи районунда курулган заманбап оорукана да пайдаланууга берилет.