КСДП Султанбек Жумагуловдун каза тапкандыгына байланыштуу көңүл айтты

Автор -

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына жана туугандарынатерең кайгыруу менен көңүл айтат.

Султанбек Жумагулов ата мекендик маданияттын өнүгүүсүнө чоң кызмат өтөдү. Эмгек жолун жаштар газетасынын журналисти болуп иштөөдөн баштап, чыгармачылык өсүштүн көптөгөн тепкичтерин басып өттү жана медиа-уюмдардын мыкты жетекчилеринин бири катары калыптанды. Акыркы жылдары Султанбек Жумагулов мамлекеттик кызматта иштеп, кесипкөйлүктүн, ачык-айкындуулуктун жана чынчылдыктын бийик үлгүсүн көрсөттү. КСДПнын шайлоо алдындагы өнөктүктөрүндө жана президенттик шайлоодо КСДПдан талапкерлердин шайлоо алдындагы өнөктүктөрүндө активдүү катышты.

Султанбек Жумагулов Кыргызстандын чыныгы патриоту жана тажрийбалуу жетекчи, чынчыл, даанышман, эмгекчил жана карапайым мүнөз адам, белгилүү жазуучу жана мыкты журналист, досубуз жана жолдошубуз катары биздин эсибизде калат.

Бөлүшүү