18-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көлдө кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7 градус жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5.