Казакстандын Өзбекстандагы элчиси бюджеттен акча уурдаган деп шектелүүдө

Автор -

Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаев бюджеттен ири өлчөмдө акча уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 16-октябрда өлкөнүн Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин расмий өкүлү Жанна Бастарова билдирди.

«Ал жооптуу кызматта туруп, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин административдик имараты курулгандыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу жалган актыга кол койгон деп шектелүүдө. Анын бул мыйзамсыз аракетинен улам өлкөгө 140 миллион теңге (380 миң доллардан ашык) зыян келтирилген», — деди Бастарова.

Мекеменин өкүлү дипломат Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюронун кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын кошумчалады.

Бөлүшүү