Казакстанда полиция кызматкери бычакталды

Автор -

Шымкент шаарында колго түшүрүү маалынды каршылык көрсөткөн шектүүнүн бычагынан жаракат алган полиция кызматкери ооруканага жаткырылды.

Шымкент шаардык ички иштер департаментинен кабарлашкандай, 17-октябрь кечинде шаардын көчөлөрүндө нөөмөттө жүргөн полиция кызматкерлери шектүү адамдарды байкап, жанына барганда алардын бирөөсү качып кетүүгө аракет кылган.

«Колго түшүрүү маалында шектүү каршылык көрсөтүп, артынан кубалаган полиция кызматкерин бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кийин ал куралсыздандырылып, кармалган. Жараат алган полициячы шаардык ооруканага жеткирилип, операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага карата «Укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү