Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарына киргизген убактылуу чектөөнү алды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Азаттыкка” кабарлады.
Маалыматка ылайык, казак тарап 17-октябрда кыргызстандык беш ишканага киргизген чектөөнү алып салганы боюнча билдирүү таратты. Ага чейин Ветеринардык коопсуздук инспекциясы Казакстандын тиешелүү органдарына Кыргызстандагы эпизоотиялык абал боюнча толук маалымат берген.
Казакстан 12-октябрда Кыргызстандагы «Риха», «Кантский хлебзавод», «Баркад», «Салих», «Адал-Азык» ишканаларынын эт өндүрүмүнө чектөө киргизген. Мындай чараны коңшу өлкө Кыргызстандагы эпизоотиялык абалдын начардыгы менен байланыштырган.
Ага чейин Кыргызстан Казакстандан ташылып келген тоок этине убактылуу чектөө киргизип, бир нече күндөн кийин аны алып салган.