Эртеӊ, 24-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9;
Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 19…21 градуска чейин жогору болот.