Бүгүн Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарына иш сапары менен барат

Автор -

Бүгүн, 26-октябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москва шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдарбеков орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугат. Бул Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи жумушчу сапары.