Аба ырайы: жаан жаайт

Автор -

Эртеӊ, 30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 16…18 градуска чейин жогорулайт.

Бөлүшүү