Өлкө аймагында 29-октябрдан 2-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
228

Кыргызгидромет борбору 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

29-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаашы күтүлсө, калган аймактарда күн ачык болот. Ал эми түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт.

30-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

31-октябрда күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

1-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан карга айланып, айрым жерлерде жаан катуу жаашы күтүлөт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.

2-ноябрда Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы -1 чейин төмөндөйт.

 

 

Бөлүшүү