Сулуулар сынагында жеӊүүчү аталган кыз сахнада эси ооп, кулап калды (Видео)

Автор -
643

Miss Grand International сынагында прагвайлык Клара Соса (Clara Sosa) өзүнүн жеӊүүчү аталганын укканда кубанычтан ээсин жоготуп, кулап калган видео тарады.

Видеодо калыстардын жыйынтыгын күтүп, кол кармашып турган Прагвайлык Клара Соса  менен Индиялык Минакши Чаудхари көрүүгө болот. Жеӊүүчүнүн аты аталганда Соса толкунданып, эсин жоготуп коет. Жанында турган Минакши жанындагы аны кармаганга үлгүрбөй калат.

Miss Grand International — жылына өтө турчу сулуулар сынагы. Жеӊүүчү 40 миӊ доллар акча жана уюштуруучулар менен бир жылдык келишимге ээ болот. Бул жылы аталган конкурс Мьянма шаарында өттү.

Белгилей кетсек, Клара Соса 24 жашта.

https://youtu.be/MOqIIMJfYGQ