31-октябрда түнкүсүн жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +13…+15.