Кыргызстанда ВИЧ оорусунан каза болгондордун саны 1873-кө жетти

Автор -
507

Кыргызстанда ВИЧ оорусу менен ооруп каза болгон адамдардын саны 1996 –жылдан бери 1873-кө жеткен. Бул тууралуу республикалык «СПИД» коому билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын октябрь айына карата республикада жалпы 8600 инфекцияны алып жүрүүчүлөр катталган. Алардын 8137 – чоңдорду түзсө, калган 645 – балдар.

Дүйнөлүк Сааламаттыкты сактоо Уюму ВИЧтин эң тез жайылуусу катталган 25 өлкөнүн катарына Кыргызстанды дагы киргизди. Эң эле көп ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөр Кыргызстанда эркектер.

Бөлүшүү