Ырчы Самара Каримова ээлеген кызматынан бошотулду

Автор -

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон. Анын айтымына караганда Каримова бул кызматка статс-катчы тарабынан мыйзамсыз жана өзү министр боло электе дайындалган.

Эске салсак, ырчынын жетекчилик кызматка дайындалышы тууралуу буйрук 24-октябрда чыккан. Ал 31-октябрда окуу жайдын жамаатына тааныштырылган.

Бөлүшүү