Эртеӊ, 4-ноябрда көпчүлүк аймакта жаан-чачын күтүлбөйт, бир катар аймактарга туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;
Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын табы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.