Куда-сөөк күтүүдө кыргыз кудасын кастарлап сыйлап, алдына көрпөсүн калыңдап салып, тамак-аштын даамдуусун ага сунуп, кымбат чепкенин үстүнө жапкан. Бул жөрөлгө азыр да уланып, элибиз уул үйлөп, калың алып барып же кыз узатып себин берген учурда пейилин кенен коюп куда тосуусун аракетин көрөт. Ал эми куда тосуу дубандарда калыптанып калган салттарга байланыштуу ар жерде ар башкача өтөт.

Жалал-Абад

Кыргыз эли куданы болгон дити менен даярданып, күүлүү жана шатыра-шатман тоскондуктан, жалал-абаддыктар кире бериш жолдо алдыңызга шаты коюп коюшу мүмкүн. Ырымын берип турсаңыз гана жолдор ачылып турат. Ырым-жырым, оюн-зоокко жакын келишип, башка дагы ыкмаларын жасашы мүмкүн. Ошондуктан капчыгыңызды кампайта барганыңыз туура болот. Бөдөнөнүн этинен жасалган тамактар менен сыйлап, Арсланбап, Сары-Челек жана Падыша-Атаны көрсөтүп эс алдырып келишет.

Нарын

Нарындыктар пейилин кенен коюп дароо дасторкон үстүндө сыйлаганга өтүшөт. Ар дайым жаныңызда аскердик нөөмөттө тургандай, «чай ичиңиздер» деп колун сунуп турган келиндер болот. Нарын эли эт тарткан жагынан эч кимди алдына чыгарбайт. «Түштөндүрүү» деген жөрөлгөнүн арты менен кеминде 10-11 жолу эт тартышат.  Келген коноктор устукан чогултканга баштык же кап ала келсе да болот. Эгер куда тосуу эки күнгө созулуп кала турган болсо устукандардын алгачкылары көгөрө башташы мүмкүн.

Баткен

Баткен тарапка кудага барып калсаңыз, астыңызга нан жана токочтун түрлөрүн, өрүк-мейизин жайнатып коюп сыйлайт. Башка жерлерге салыштырмалуу этти азыраак тартат. Кийит-кече кийгизип узатып жатып, бут кийимиңизди катып коюшу мүмкүн. Кудаларыңыздын үйүнөн эми бут кийимиңизди таап көрүңүз. Эгер таап алсаңыз акча беришет. Айткандай, мезгилге тууралап барсаңыз, Айгүл тоого чыгып, кереметүү гүлдү искеп калганга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Талас

Талас элине кудага барып калсаңыз, алгач эле астыңызга жукалыгынан табактын сүрөтү көрүнүп турган гүлчөтай тамагын алып келет. Башка айрым дубандарда улуу кишиге баш тартуу ылайыксыз болсо, Таласта кудага сыйлуу деп эсептелинип койдун башы тартууланат. Башка жерден келген кудаларды арадан убакыт таап Манастын күмбөзүнө алпарып сыйлаганга да үлгүрүшөт.

Ысык-Көл

Көл жергеси берерге ашын таппай, кудаларынын көзүнүн кареги менен тең айланып калат. Жалал-Абад эли шаты коюп койсо, көлдүктөр аркан тосушат. Тосмого туш келгенде, келе жаткан кудалар ала келген бир баштык таттуусун берип өтүшү шарт. Табагыңдын чекеси бир аз эле кемигенин байкап калса, дароо толтуруп жибермейи бар. Көлдүктөр башка дубандардан келген кудаларын сөзсүз түрдө дагы бир күнгө алып калып, көл жээгине алпарып же кемеге салып алып аябай сыйлашат.

Ош

Оштун элинин пейили гана эмес, дасторкону да өтө кенен болот. Жер-жемиштин түрүн алдыңызга жайнатканда мурун көрбөгөн жемиштерди көрүп, таң беришиңиз мүмкүн. Ар бир кудага чайы менен чайнегин коюп, астыңызга чеберчилик менен басылган палоосун алып келет. Андан сырткары тамактын ондон ашык түрүн жасап астыңызга тартат. «Мынча келгенден кийин арманда кетпегиле» деп, Сулайман-Тоону да көргөзүшөт.

Чүй

Орусташып калган сары өзөн чүйдүн эли ырдайм десеңиз ырдатып, бийлейм десеңиз бийге чакырып сиздин оюңуз менен болот. Койдун ичегилеринен жасалган ар кандай кооз жаныбарларды жасап келип тартуулашы мүмкүн жана мурун көрө элек салаттардын эксклюзивдүү түрүнө күбө болушуңуз ыктымал. Баткендиктер бут кийимиңизди катып койсо, алар кудалардын арасынан бирөө жарымды катып коюшу мүмкүн. Таппай калсаңыз күрөөдөгү жакыныңызды акчасын берип бошотуп кетсеңиз болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү