2018-жылдын 3-ноябрь күнү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу тегерегинде,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук,
Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук,
Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат.