Өлкөдө кыш мезгилинде окуучулардын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Жыйын учурунда мектептерге жакын жолдордон окуучуларды өткөрүү ишине ыктыярчыларды, студенттерди жана ата-энелерди тартуу маселеси каралды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө мектепке жакын кооптуу тилкелерде жана жол кесилиштеринде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери нөөмөт менен турары айтылат. Мындан тышкары балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ыктыярчы студенттер жардам берери белгиленген.
Маалыматтарга караганда, бул сыяктуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы тогуз айда балдардын жана окуучулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтууга мүмкүн болгон.
2017-жылы өлкөдө жол кырсыгынан 907 киши каза тапкан. Алардын ичинен 104ү – балдар. Кыргызстан – жол кырсыгы учурунда өлгөндөрдүн саны боюнча КМШдагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири.