Air Astana учагы чукул кырдаалдан улам Португалия аэродромуна конду

Автор -

Air Astana авиакомпаниясынын Португалиядан Казакстанга учуп чыккан Embraer 190 учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Португалиянын Бежа шаарына конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Казакстан Жарандык авиация комитети билдирди.

Учак 11-ноябрь күнү Португалияда авиациялык-техникалык оңдоп-түзөөдөн өткөн соң учуп чыккан. Асманга көтөрүлгөндөн кийин мүчүлүштүктөр тууралуу белги берилип, жакын жердеги аскердик аэродромго конууга мажбур болгон.

Аба кемесинде экипаждан башка жүргүнчүлөр болгон эмес.

Португалиянын Коргоо министри Жоао Кравинью Твиттердеги баракчасына Embraer учагынын навигациялык тетиктери иштебей калганын, аны эки F16 истребители Бежа аэродромуна кондурганын жазды.

Бөлүшүү