13-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-17-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарында 13-ноябрда күндүз жана 14-15-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет .
Ош шаарында 13-14-15-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.