Аба ырайы: жаан-чачын күтүлбөйт

Автор -
244

14-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Суусамырда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Таласта түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Бишкекте 14-ноябрда кар, жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -2…-4 градус суук болот.