15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт. Басымдуу аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;
Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2.