15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт. Басымдуу аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы  түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2.

Бөлүшүү