Түркмөнстанда мал жандыктары кырылууда

Автор -

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашөгүз облусунда мал жандыктары ылаңдап, кырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

«Чечек жөнүндө айтып жатышат. Бирок мамлекет менен Ветеринардык кызматтар эч кандай чара көргөн жок. Жергиликтүү тургундардын биринин 17 уйу бар болчу, бир ай мурда дароо он ую өлүп калды. Калгандарын болсо шашылыш түрдө арзан баада сатып жиберди», — деди кабарчы.

Күн мурун өлкөнүн батыш аймактарында дагы мал жандыктары өлүп жатканы кабарланган.

Басылма 30-октябрда Балкан облусунда төөлөр жапырт түрдө белгисиз илдетке чалдыгып, мындан улам жергиликтүү бийлик төө этин сатууга жана колдонууга тыюу салганын жазган.

Өткөн жумада мал доктурлардын атайын тобу аймакта текшерүү иштерин жүргүзүп, төөлөр ылаңдан эмес, «ачкадан өлүп жатканын» билдирген. Бирок жергиликтүү бийлик төө эти менен сүтүн сатууга киргизилген тыюуну алган эмес.

Бөлүшүү