Бишкек шаарында «Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын жеӊүүчүлөрү аныкталды.
Бул жолку сынакка 25 сулуу тандалып алынган. Финалдык таймаш 14-ноябрда саат 17:00дө “Ак Сарай” ресторанында болуп өттү.
Белгилей кетсек, сынак биринчи жолу «Дүйнө сулуусу-2018» сынагынын өкүлүнүн жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин катышуусу менен уюштурулду.
Калыстар тобунун жыйынтыгы менен «Кыргызстан сулуусу — 2018» наамына Жалал-Абад облусунун атынан катышкан 21 жаштагы Эльмара Бурамбаева ээ болду. Ал таажы менен бирге «Дүйнө сулуусу» сынагына Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болду.
https://www.instagram.com/p/BppC22RHtwi/
Ал эми вице-мисс деп Талас облусунун атынан катышкан Бегимай Ивакова табылды.
https://www.instagram.com/p/Bpo9g8JHIJO/
Экинчи вице-мисс – Шахзода Балтабаева.
https://www.instagram.com/p/BprdDPknaBq/
А үчүнчү вице-мисс наамын Ниязбек кызы Арууке багынтты.
https://www.instagram.com/p/Bpwz_GBnLgo/
Өткөн жылы “Кыргызстан сулуусу-2017” титулун 19 жаштагы Бегимай Карыбекова жеңип алып, дүйнө сулуусу сынагына катышууга жолдомо алган.