ӨКМдин маалымат кызматы 19нан 23-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
19-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
21-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
21-ноябрда күндүзжана 22-23-ноябларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
24-ноябрда жана 25-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаашы күтүлөт, 25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.