Аба ырайы: кар жаайт

Автор -

21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…23, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт.  Түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Бөлүшүү