Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишиге жетти

Автор -

Гемодиализ алууга, — деп кезекте тургандардын саны арбып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов айтып чыкты.

Депутат, — “Ар бир гемодиализ алууга кеткен чыгымдын бир жолкусу 5 миң сом болсо, жумасына 3 ирет процедура алууга мажбур болгондордун чыгашасы 15 миңге жетип жаткандыгын, айына 60 -70 миңге жетерин ойлогондо оюң онго бөлүнөт”, — дейт.

КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков айтымында, гемодиализге 2019 – жылга каралган сумма  737 млн. сом.

«Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишини түзөт. Ал эми жыл башында бул көрсөткүч 280 болчу. Өткөн жумадан тартып, үй – бүлөлүк дарыгерлердин индикаторлук нормативдерди аткаргандарына кошумча 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин төлөнүп баштады. Ошондо жалпы орточо айлык 19 – 22 миң сом болуп калды», — деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү